Кытайда чийки мунай кору табылды

Түштүк Кытай деңизинде мунай жана табигый бургулоо иштерин жүргүзгөн компания 2024-жылы 700-720 миллион баррель мунай чыгарууну максат кылууда.

2112887
Кытайда чийки мунай кору табылды

Кытайдын Түштүк Кытай деңизинин түндүк-чыгышында 100 миллион тонналык чийки мунай кору табылды.

Кытайдын улуттук мунай компаниясынын (CNOOC) билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн түштүгүндөгү Гуандун провинциясынан 300 километр алыстыкта ​​жайгашкан Кайпинг түштүк деңиз мунай кенинде жаңы запас табылды.

Орточо тереңдиги 500 метрге жеткен мунай кенинде 100 миллион тонна чийки мунай бар экени аныкталды.

CNOOC жетекчиси Коу Синьхуай, деңизде чалгындоо жана бургулоонун өлкөнүн мунай жана жаратылыш газ өндүрүүсүн көбөйтөрүн билдирди.

Кытайдын түндүгүндөгү Бухай деңизинде жана түштүктөгү Түштүк Кытай деңизинде мунай жана табигый бургулоо иштерин жүргүзгөн компания 2024-жылы 700-720 миллион баррель мунай чыгарууну максат кылууда.



Тектеш кабарлар